Ысык-Көлдө күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

  • 2 года мурун

Ысык-Көлдө күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-октябрда саат 15:08де Ысык-Көл облусунун аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө Ак-Суу районунун Каракол айылында 3 баллга чейин сезилди.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты