Ысык-Көлдө күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

  • 2 года мурун

Ысык-Көлдө күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

22-ноябрда Сейсмология институтунун маалыматына ылайык түнкү саат 3:26да Ысык-Көл облусунун аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө Ак-Суу районунун Ак-Булун, Совет айылдарында 3,5 балл, Нововознесеновка, Жыргалаң, Боз-Учук, Качыбек, Ак-Булак айылдарында, Түп районунун Сары-Телегей айылында 3 балл, Токтоян, Кең-Суу, Каркыра айылдарында, Ак-Суу районунун Ичке-Жергез, Отрадное айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Кайрадан саат 4:34тө ушул эле облустун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ак-Суу районунун Совет айылында 3 балл, Ак-Чий, Ак-Булак, Нововознесеновка, Ак-Булуң айылдарында, Түп районунун Сары-Телегей айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты