Ысык-Көлдө изделип жаткан жаран табылды

  • 6 месяцев мурун

Ысык-Көлдө изделип жаткан жаран табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-январга караган түнү, саат 01:00 чамасында издөөдө жүргөн 2001-жылы туулган Т.Э. аттуу жаран Бишкек шаарынан Булан-Сөгөттү айылана бара жаткан жеринен РИИБдин кызматкерлери тарабынан аман- эсен табылды.

«24-январь күнү Булан-Сөгөттү айылында жайгашкан пансионаттардын биринин жээгинде аталган жаранга таандык паспорт, кийимдери, сумкасы табылып, ӨКМдин суучулдары тарабынан көлдүн ичинде жана 21 куткаруучу, ИИМдин 19 кызматкери, Кумбел айыл өкмөтүнөн 5 адамдан турган топ көл жээгиндеги эс алуу үйлөрүнөн, менчик турак жайлардын ээлеринен сурамжылоо менен издөө иштерин жүргүзүшкөн», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты