Ысык-Көлдөгү Жууку ашуусунда мөңгү көчтү

  • 2 года мурун

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Сырт өрөөнүнүн Жууку ашуусунда мөңгү көчтү. Кар көчүп келатканын ошол жерде жүргөн чет элдик туристтер видеого тартып алышкан.

Маалыматка ылайык, окуя 8-июлда болгон. Мөңгү көчкөн убакта ашууда Британия жана АКШнын жарандарынан турган тогуз чет элдик туристтер, аларды коштогон кыргызстандык тургундар болгон. Баары аман-эсен экени кабарланды.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 10-июлда бул маалымат такталып, жерине Жети-Өгүз райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн эки офицер жана Жайыт комитети жана башка мекемелерден ыкчам топ кординациялоо иштерин жүргүзүүгө чыгып кетишкенин билдирди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты