Ысык-Көлдөгү жол кырсыгы: Дагы экөө көз жумду

  • 2 месяца мурун

Кечээ, 17-июлда, Балыкчы-Каракол жолунун 59-чакырымында, Өрнөк айылында катталган жол кырсыгынан кийин дагы экөө көз жумду.

Буга чейин Өрнөк айылындагы жол кырсыгынан БУУдагы Кыргызстандын өкүлү Аида Касымалиеванын ата-энесинин жана жээнинин өмүрү кыйылгандыгы кабарланган. Жол кырсыгынан кийин ооруканада жаткан эки бала да көз жумгандыгы маалымдалды.  

Toyota Avensis  унаасы (Аида Касымалиеванын жакындары башкарган) жана Mercedes-Benz W210 унаалары сүзүшкөн. Экинчи унааны Бишкектин 20 жаштагы тургуну айдап бара жаткан. Toyota Avensis унаасындагылардын үчөө кырсык болгон жерде, экөө ооруканада көз жумду. Ал эми Mercedes-Benz унаасындагылар ооруканага түшкөн.  

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 68 жаш курагында Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Т. Сатылганов атындагы Ош облустук китепканасынын директору Мырзаева Бактыгүл дүйнөдөн кайтканын билдирди. Бактыгүл Мырзаева – Аида Касымалиеванын апасы.

Toyota Avensis унаасында бара жаткан беш киши каза тапкандыгы маалым болду.  Дагы 17 жашар өспүрүм жана 14 жаштагы кыз оор абалда экени айтылды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты