Ысык-Көлдөгү кырсык: катердин айдоочусунун бөгөт чарасы аныкталды

  • 12 месяцев мурун

Чолпон-Ата шаарындагы эс алуучу жайлардын биринде этиятсыздыктан эки адамдын өлүмүнө алып келген катердин 16 жаштагы айдоочусунун бөгөт чарасы аныкталды.

26-июлда Ысык-Көл райондук соту шектүүнү 26-сентябрга чейин мыйзамдуу өкүлүнүн көзөмөлүнө өткөрүп берүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, сот шектүүнүн жашы жете электигин, туруктуу жашаган жери жана өздүгүн тастыктоочу документи бар экенин, жасаган кылмышы этиятсыздыктан жасалган кылмыштарга кире турганын эске алган. Мындан тышкары жабырлануучулар катердин айдоочусун ачык айыптоодон баш тартышкан.

Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү шектүүнү камакка алуу өтүнүчүн киргизген.

Эске салсак, 23-июль күнү саат 16:30 чамасында Чолпон-Ата шаарында жайгашкан эс алуучу жайларынын биринде, суу оюн-зоок кызматын көрсөткөн моторлуу кайыктын айдоочусу көлдүн үстүндө жүргөн “Таблетка” балонун сүйрөтүп бара жатып, теплоходко урунганы белгилүү болгон. Натыйжада, үч адам денесинен жаракат алып, оор абалда Чолпон-Ата шаарынын райондук ооруканасына жеткирилген.

Жабыркаган үч адамдын экөөсү алган оор жаракаттардан оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн ошол эле күндүн түн чамасында көз жумуп, үчүнчү жабырлануучу хирургия бөлүмүнө жаткырылган.

Ысык-Көл РИИБнин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү кармалып, алдын ала суракта шектүү өз күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.

Кырсыкка байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин «Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Президент Садыр Жапаров бул окуядан кийин Ички иштер министрлигине (ИИМ) жана Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө эс алуучулар менен туристтердин коопсуздугун камсыздоону күчөтүү тапшырмасын берген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты