Ысык-Көлдөгү катуу жол кырсыгы: Бир нече кишинин өмүрүн кыйды
- 4 месяца мурун
Кечээ, 17-июлда, Балыкчы-Каракол жолунун 59-чакырымында, Өрнөк айылында катталган жол кырсыгы бир нече адамдын өмүрүн алды.
Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы кабарлаган.
Маалыматтарга караганда, жол кырсыгынан БУУдагы Кыргызстандын өкүлү Аида Касымалиеванын ата-энесинин жана жээнинин өмүрү кыйылды.
Toyota Avensis унаасы (Аида Касымалиеванын жакындары башкарган) жана Mercedes-Benz W210 унаалары сүзүшкөн. Экинчи унааны Бишкектин 20 жаштагы тургуну айдан бара жаткан. Toyota Avensis унаасындагылар кырсык болгон жерден каза тапкан. Ал эми Mercedes-Benz унаасындагылар ооруканага түшкөн.
Муну бөлүшүү