Ысык- Көлдөгү агроаптеканын мурдагы кызматкери уурулукка шектүү катары кармалды

  • 2 года мурун

Ысык- Көлдө агроаптеканын мурдагы кызматкери сейфтен ири суммадагы акча уурдап, Кыргызстандан чыгып кетүү аракетин жасаган.

Маалыматты Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Каракол ШИИБне 18- июль күнү 260 миң сом акча урдалгандыгы тууралуу маалымат  түшкөн. Билдирүү шаардык милициянын кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ыкчам тергөө тобу жөнөтүлгөн.

Кылмышкерлер агроаптеканын короосуна кошуна үйлөрдүн чатырын аркылуу түшүп ,имараттын кире бериш эшигин талкалап, видеокөзөмөл камераларын өчүрүп, сактоочу жайдан акча алып,сейфти ачкандыгын милиция кызматкерлери аныктаган.

Бул окуяга  компаниянын мурдагы Б.А аттуу 37 жаштагы кызматкери шектелип,»Ак- Жол» көзөмөл өткөрүү пунктунан кармалган. Маалыматка ылайык, шектүү чек арадан өтүүгө аракет кылган.

Катталган факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин уурдоо беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, шаардык соттун чечими менен шектүүгө карата тергөөнүн жүрүшүндө камакка алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.

Тергөө иши улантылып жаткандыгы айтылды.  

Сүрөт: Ысык-Көл ИИБ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты