Ысык-Көлдө эс алуучулардын буюмдарын уурдаганга шектелгендер кармалды

  • 12 месяцев мурун

Ысык-Көлдө эс алуучулардын буюмдарын уурдап жүрүшкөн уурулардын тобу кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бостери айылында жана Чолпон-Ата шаарында жайгашкан эс алуу мекемелеринин аймагындагы пляждарында эс алуучулардын мүлкүн уурдаган жаштардын тобу кармалды. Бир катар уурулукка шектелгендер, мурда соттолгон Бишкек шаарынын тургундары, 20 жаштагы К.Б., СИ., Д.И. жана Чүй облусунун 23 жаштагы тургуну Т. А. Болуп чыгышты. Кармалган үч шектүүгө карата райондук сот тарабынан үй камагына чыгаруу чарасы тандалып алынган, ал эми шектүү Д.И. тергөө амалдарын жүргүзүү мезгилинде 2 айга камакка алынган.Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы шектүүлөргө карата эс алуучулардын мүлкүн уурдаган 8 факты боюнча айыптарын угузушту. Шектүүлөр негизинен уюлдук телефондорду жана акча каражаттарын уурдашкан. 8 факт боюнча жалпы материалдык зыян 310 496 сомду түздү. Учурда, райондук милициянын тергөө кызматы тарабынан жабырлануучуларга келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча тийиштүү иш-чаралар турмушка ашырылууда. Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында, аталган тобунун мүчөлөрү тарабынан башка ушундай кылмыштарды жасоого катыштыгы бар, же жогун текшеришүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты