Ысык-Көлдө эл аралык марафон өтүп, жол каттамга чектөөлөр киргизилет

  • 3 месяца мурун

Ысык-Көлдө эл аралык марафон өтүп, жол каттамга чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-май күнү Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылында жайгашкан ат майдандан тартып, Корумду айылынын күн чыгыш тарабындагы “Солемар” эс алуу жайынынын бурулушуна чейин чет элдик делегациялардын катышуусунда “Run the Silk Road – Shanghai Cooperation” Эл аралык марафону өткөрүлөөрү күтүлүүдө.

Бул учурда Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаары аркылуу өтүүчү «Балыкчы-Ананьево-Каракол» автоунаа жолу (северная часть озера Иссык-Куль) маал-маалы менен убактылуу жабылып, автоунаалардын каттамына чектөөлөр киргизилет.
Иш-чаранын жагдайына байланыштуу айрым учурларда бул аталган автоунаа жолу 4 сааттан, 5 саатка чейин убактылуу жабылышы божомолдонууда.

Ошол себептен, облустун тургундары жана меймандары — жолдо жүрүүдө ар кандай ыңгайсыздактарды алдын алып, облус аралык алыскы жолго чыккан жүргүнчү ташуучу автобус, кичи автобустарга, жүргүнчү ташуучу жеке таксилерге ж.б. автоунааларга Ысык-Көлдүн түндүк тарабы, тагыраагы Жети-Өгүз жана Тоң райондору аркылуу жол жүрүү сунушталат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты