Ысык-Көлдө дайынсыз болуп жаткан жаранды издөө иштери уланууда

  • 8 месяцев мурун

Ысык-Көлдө дайынсыз болуп жаткан жаранды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 21-ноябрда Ысык-Көл облустук Түп районундагы ӨКБнын 7 куткаруучусу жана башкармалыктын 1 офицери Түп айылынын 1945-жылы туулган Ж.Ж. аттуу тургунун издөөгө чыгышкан.

Учурда куткаруучулар жергиликтүү тургундардан 15 адам менен биргеликте жер-жерлерге бөлүнүп, Түп айылынын көчөлөрүнөн, суу жээктеринен жана бош имараттардан издеп жатышат. Издөө иштеринин жүрүшүнөн кошумча маалымат бериле турганы кабарланды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты