Ысык-Көлдө чек арачылар үчүн пансионат ачылды

Садыр Жапаров бүгүн, 4-июнда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматынын жаңы ведомстволук пансионатынын ачылышына катышты.

Пансионат Ысык-Көлдүн жээгиндеги Чок-Тал айылында жайгашкан. Өткөн жылы мурдагы «Дельфин+» пансионатынын аймагы бөлүнүп берилген, ал эми 2022-жылдын декабрынан тартып капиталдык курулуш жана объектти кайра куруу иштери жүргүзүлгөн.

Бул жерде заманбап ыңгайлуу корпустар, коттедждер, ден соолукту чыңдоочу жай, конгресс-холл, пансионаттын жашыл аймагы курулган, анда балдар ойноочу аянтчалары да бар.

Чек арачылар өлкөнүн бардык облустарынан, анын ичинде алыскы райондордон келип, үй-бүлөлөрү менен бирге толук кандуу эс алууга жана ден соолугун чыңдоого мүмкүнчүлүк алышат.

Эгемендүүлүк жылдарында Ысык-Көлдө биринчи жолу чек арачылар үчүн ведомстволук пансионат ачылгандыгын белгилей кетүү маанилүү.

Чогулгандардын алдында сүйлөп, мамлекет башчы чек арачы — күнү-түнү, суукта жана ысыкта мамлекеттик чек араны кайтарган Мекенди коргоочу кесибинин маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Президент пансионатта түзүлгөн жашоо шарттары менен таанышып, корпустарды жана эс алуу зоналарын карап чыкты.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты