Ысык-Көлдү булгаган скутердин ээсине 10 миң сом айып пул салынды

  • 12 месяцев мурун

Ысык-Көлдү булгаган скутердин ээсине 10 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Социалдык тармактарда көлдүн үстүнө май калкып калганын тартылган сүрөттөр жарыяланып, талкууга алынган.

Маалыматка ылайык, текшерүүдө майы аккан скутер аныкталып, анын ээсине айып пул салынды. Бизде облус боюнча 15 кызматкер бар, учурда алар үч топко бөлүнүп, май төгүлүшү ыктымал деген жерлерге барып түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты