Ысык-Көлдө бир каттам жол маал-маалы менен жабылат 

Ысык-Көл районунда 30-июлдан 1-августка чейин “Тамчы” эл аралык аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки жол маал-маалы менен жабылат.

Чектөө Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин мамлекеттик сапарлары, ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрү менен Азербайжандын лидерлеринин бейформал жолугушуусуна байланыштуу киргизилүүдө.

Жергиликтүү бийлик жарандарды убактылуу ыңгайсыздыктарды эске алып, жол каттамдарын алдын ала пландаштырууга чакырды.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты