Ысык-Көлдө Баткен өрүгүн саткан жай ачылат

  • 12 месяцев мурун

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Баткен өрүгүн саткан жай ачылат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, дүкөндүн текчелерине экологиялык жактан таза, кургатылган өрүк жана өрүктөн жасалган натуралдуу азыктар коюлат. Туристтер үчүн Баткен өрүгүн сатып алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Жыл сайын туристтик сезон учурунда Ысык-Көлдө Баткен өрүгү сатылган жайды иштетүүнү салтка айлантуу боюнча тийиштүү кызматкерлерге тапшырмалар берилди.

Бул иш аракетке жооптуу катары президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Эл аралык кызматташтык, инвестиция жана туризм секторунун башчысы Азизбек Адылбеков дайындалган.

Ачылышы пландалып жаткан жайда өз өрүктөрүн сатууну каалаган багбандар жана ишкерлер төмөнкү номер аркылуу кайрылса болот: 0779 30-20-50.

Баткен өрүгүн даңазалоо, өрүк өстүргөн багбандарды, өрүктү кайра иштеткен ишкерлерди колдоо, Кыргызстанга келген туристтерге экологиялык жактан таза айыл чарба продукцияларын тартуулоо негизги максат болуп саналат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты