Ысык-Көлдө баңгизатты мыйзамсыз сактаганга шектелген жаран кармалды

  • 1 год мурун
Ысык-Көлдө баңгизатты мыйзамсыз сактаганга шектелген жаран кармалды

Ысык-Көлдө баңгизатты мыйзамсыз сактаганга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча баӊгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлерине Жети-Өгүз районунун тургундарынын бири үйүндө мыйзамсыз баӊгизат сактап жүргөнү жөнүндө маалымат түшкөн.

Аталган маалымат Жети-Өгүз РИИБинин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин белгилери боюнча (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында райондук милициянын тергөө кызматы тарабынан баңги затын мыйзамсыз сактоодо жарандын ким экендигин аныктоо боюнча тергөө тапшырмалары берилген. Шектүүнүн аты-жөнү жана жашаган жерин аныктай алышты. Ал Кичи-Жаргылчак айылынын тургуну, 55 жаштагы О.М. болуп чыкты. Жакында маалыматта көрсөтүлгөн жарандын жашаган жери боюнча санкцияланган тинтүү жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө кашардын полунун астынан 2 литрлик 3 даана айнек идиштер табылып, анда жапайы өскөн кара куурайдын өзгөчө жыты бар өсүмдүктөр болгон. Алдын ала салмагын өлчө учурунда, айнек идиштер менен алынган заттын жалпы салмагы 3 килограмм 285 граммды түздү. Учурда, соттук-химиялык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты