Ысык-Көлдө баңгизаттарды даярдоого жана сатууга шектелген жарандар кармалды

  • 1 месяц мурун

Ысык-Көл облусунда баңгизаттарды даярдоого жана сатууга шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун аймагында баңгизаттарды даярдоо жана сатуу менен алектенген кылмыштуу топко карата масштабдуу атайын операция өткөрүлгөн.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Жаркынбай айылынын тургуну 1967-жылы туулган Т.А. аттуу жаран кармалган. Тинтүү учурунда кармалган жарандын шкафынын ичинен 6 грамм гашиш баңгизаты табылып алынган, ал өз көрсөтмөсүндө “Сергей” аттуу адамдан алгандыгы боюнча көрсөтмө берген.

Ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүп, ал адам 1956-жылы туулган Жаркынбай айылынын кашар участогунун тургуну М.С. экендиги такталып, кечиктирилгис тинтүү жүргүзүлүү учурунда кашардын кире беришиндеги темир мештин ичинен жана жыйылган кирпичтин астынан жалпы салмагы 4 килограмм 530 грамм баңгизаты алынган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары улантылууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты