Ысык-Көлдө ашпозчуну сабоого шектүүлөр кармалды

  • 12 месяцев мурун

Ысык-Көлдө кафенин ашпозчусун сабоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл РИИБне Бишкек шаарынын 36 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал 12-августтан 13-августка караган түнү болжол менен түнкү саат 03.30 чамасында Чок-Тал айылындагы «Медуза» кафесинин ашпозчусун белгисиз үч жаран бычак менен коркутуп, сабап кетишкенин билдирген. Жабыркаган Чүй облусунун 20 жаштагы тургуну денесинен алган жаракатынан улам райондук аймактык ооруканага жаткырылган.

Бул факты райондук милицияга катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси «Ээнбаштык» менен кылмыш иши козголгон.

Чоӊ-Сары-Ой айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө кылмышка шектүүлөр кармалып, райондук милициянын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Кармалгандар Чок-Тал айылынын 21 жаштагы А.Н., 24 жаштагы Ш.А. жана Нарын облусунун 22 жаштагы тургуну А.А. болуп чыгышты. Учурда шектүүлөр Ысык-Көл РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты