Ысык-Көлдө Алтын-Арашан коктусунда чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

  • 11 месяцев мурун

Ысык-Көлдө Алтын-Арашан коктусунда чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Саат 9:48де ӨКМдин Ак-Суу райондук өрт куткаруу бөлүгүнүн нөөмөт бөлүмүнө Теплоключенка айыл аймагына караштуу Алтын-Арашан коктусундагы Сары-Төр жайлоосунда өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине ӨКБнын өздүк курамынын 12 куткаруучусу менен бирге токой чарба кызматынан 10 токойчусу тартылган. Буга кошумча саат 11:50дө айыл өкмөттүн 6 кызматкери жана жергиликтүү жарандардан 24 адам кошумча жиберилген. Саат 14:30да өрт чектөөгө алынып, учурда өчүрүү иштери жүрүп жатат, жабыркагандар жок.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты