Ысык-Көлдө агып кеткен жарандын сөөгү табылды

  • 2 года мурун

Ысык-Көлдө агып кеткен жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Совет айылынын 40 жаштагы тургуну А.И. аттуу эркек киши ат менен Ууру-Төр жайлоосуна мал караганы кеткен бойдон дайынсыз болгон. Бул тууралуу маалымат райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө түшкөн. Кечээ, 1-июнда аталган жарандын минип кеткен аты Зындан айылынан тирүү табылып, бирок, өзү дайынсыз болууда. Бүгүн, 2-июнда издөө иштерин жүргүзүү үчүн таңкы саат 04:50дө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары тартылган. Издөөнүн натыйжасында Совет жана Зындан айылдарынын ортосунан агып өткөн суудан сөөгү табылып, куткаруучулар туугандарына өткөрүп беришти. Ал Жыргалаң суусунун агымы шар жерден аты менен өтүп жатып, аттан жыгылып сууга акканы анын өлүмүнө себеп болгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты