Ысык-Көлдө 44 жаштагы аял күйөөсүнүн зомбулугунан каза тапты

  • 2 года мурун

Ысык-Көл районунда 44 жаштагы аял үй-бүлө зомбулугунан көз жумду. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 10-майда Ысык-Көл райондук милициясына райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө 1978-жылы туулган Бостери айылынын тургуну С.Т. денесинен алган жаракаттары менен оор абалда түшкөнү тууралуу маалымат келген.

Райондук оорукананын реаниматологу С.Т. баш мээсине оор жаракат алып, комага түшүп калганын билдирген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары жабырлануучунун жолдошу 50 жаштагы Ш.К. кармалган.

Сурак учурунда шектүү 9-май күнү саат 20:00-21:00 чамасында аялы экөөнүн ортосунда чыр чыкканын, мас абалында аялын сабап, башына жана курсагына бир нече жолу урганын айткан. Айтымында, шектүү аялы эс-учун жоготкон соң уктап калган.

10-майда эрте мененки саат 6:00дө жубайлардын уулу Б.Э. үйүнө келип, апасынын эс-учун жоготуп жатканын көрүп тез жардам чакырган.

11-майда жабырлануучу эсине келбестен каза болгон.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты