Ысык-Көлдө 4 өлкөнүн лидерлеринин катышуусунда “Формула-1” дүйнө чемпионаты башталды

Президент Садыр Жапаров 1-август күнү Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын президенттери менен биргеликте Ысык-Көл облусунда өткөн UIM F1H2O “Суудагы Формула-1” боюнча дүйнө чемпионатынын ачылыш аземине катышты.

Иш-чаранын башында мамлекет башчыларына суудагы жарыштарга катышуучу спортчулар жана F1H2O болиди тааныштырылды.

Жапаров иш-чаранын салтанаттуу бөлүгүн ачып жатып, бул өзгөчө маанилүү окуя экенин жана өлкө тарыхында биринчи жолу суудагы “Формула-1” боюнча дүйнө чемпионатынын этабын — Кыргызстандын Гран-присин кабыл алып жатканын айтты.

“Мындай жогорку деңгээлдеги дүйнө чемпионатын өткөрүү өлкөбүз үчүн чоң сыймык. Бул Кыргызстандын эл аралык аброю өсүп жатканын айгинелеп, дүйнөлүк спорттук кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат”, — деди президент.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты