Ысык-Көлдө 3 жашар бала сууга чөгүп кетти

  • 2 года мурун

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 3 жашар бала сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя 15-июнда Жолколот айылында болгон. Бала ал айылга апасы менен конокко келген.

Бала велосипед тээп жүрүп арыкка түшүп кеткен. Ал убакта апасы кийинекей баласына тамак берип жаткан. Милиция окуяны кокустук деп атады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты