Ысык-Көлдө 14 теплоход текшерилип, төртүнө абаны булгаганы үчүн айып салынды
- 3 месяца мурун
- Жаңылыктар
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Чолпон-Ата шаарында жана Бостери айылында атмосфералык абаны коргоо боюнча рейд жүргүздү.
Маалыматка ылайык, текшерүүнүн алкагында жалпысынан 14 теплоход көзөмөлдөн өткөрүлгөн. Натыйжада атмосфералык абаны коргоо боюнча мыйзам талаптарын бузган фактылар аныкталып, төрт жеке жакка тарапка административдик протокол түзүлгөн.
Укук бузууга жол берген жарандардын ар бирине 7 500 сомдон айып пул салынып, жалпы сумма 30 000 сомду түздү.
Мекеме билдиргендей, айлана-чөйрөнү коргоо жана абанын тазалыгын камсыз кылуу боюнча мындай текшерүүлөр мындан ары да туруктуу негизде улантылып, экологиялык мыйзамдардын аткарылышы көзөмөлдөнөт.
Муну бөлүшүү




