Ысык-Көлдө 1 миң 400 түк чөп өрттөндү

  • 2 года мурун

Ысык-Көлдө 1 миң 400 түк чөп өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кечээ, 14-август күнү саат 19:10 чамаларында Түп районунун, Жылуу-Булак айылынын Өмүр батыр көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн коросундагы бастырмада жыйналган чөп күйүп жатат деген маалымат келип түшкөн.

Жерине Түп райондук өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүкчө тартылып саат 20:00 до чектөөгө алып, 3:03дө толугу менен өчүрүлгөн. Жалпы 72 чарчы метр бастырма жана 1400 түк чөп күйдү. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты