Ысык-Көл жана Нарындын тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн

  • 12 месяцев мурун

Ысык-Көл жана Нарындын тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

3-августта туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан локалдуу нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Ошол себептен, коопсуздук иш-чараларды сактап жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты