Ысык-Көл: Темир айылында сел кесепеттери жоюлууда (Видео)  

Бүгүн, 19-августта, саат 06:30га карата Ысык-Көл районунун Темир айылында болжол менен 100дөн ашуун үйдүн короо жайларын каптады.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.  

Учурда жеринде селдин кесепеттерин жоюу жана тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

Ал эми түнкү саат 03:20га карата: Ысык-Көл районунда катталган селдин кесепеттерин жоюу жана тактоо иштерин жүргүзүүгө башкармалыктын башчысы Мирлан Карабаевдин жетекчилигинде жалпы 80 куткаруучу, 3 мотопомпа, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана жарандык коргонуу кызматтарынан 40 адам, 2 экскаватор, 3 жүктөгүч, жергиликтүү тургундардан 80 адам, “Чайна Роуд ” фирмасынан экскаватор, жүктөгүч, бульдозер тартылган.

Жалпы 200 адам, 8 техника тартылган. Ошондой эле ӨКМден Н.Мырзаевдин жетекчилигинде 100 куткаруучу 3 атайын техника менен жөнөтүлгөн.

Сүрөт: Видеодон алынды

Селден улам Жети-Өгүз, Тоң райондорунда өзгөчө кырдаал  жарыяланды.

12-августта селдин кесепеттерин жоюу максатында Чолпон-Ата шаарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты