Ысык-Көл: Суу алдынан 2835 тонна таштанды, 34500 метр балык улоочу тор чыгарылды

  • 1 год мурун

Ысык-Көлдү таштанды жана балык улоочу тордон тазалоо иши өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) суучулдары тарабынан улантылууда.

Узап бара жаткан жума ичинде облустун Түп районуна караштуу Фрунзе, Балбай, Кутургу, Түп айылдарына караган көлдүн аянттары тазаланды.

12-мартта башталган масштабдуу иш-чарада жалпы көл бетинен 39 000 гектар аянты камтылып, суу астынан 2835 тонна ар түрдүү таштанды, 34 500метр балык улоочу тор чыгарылды.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты