Ысык-Көл районунда өзгөчө кырдаал режими киргизилди

  • 4 недели мурун

18-августта Ысык-Көл районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Бул тууралуу чечимди селдин кесепеттерин жоюу максатынжа 18-августта райондун акими кабыл алды.  

Селден улам Чолпон-Ата шаарында, Жети-Өгүз, Тоң райондорунда өзгөчө кырдаал  жарыяланды.

Бүгүн, 19-августта саат 11:30 га карата Ысык-Көл районуна сел кесепетерин жоюу иштерине ӨКМден жалпы 143 куткаруучу, 3 мотопомпа тартылды.

Суучулдар кызматынан 15 кызматкер жана ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан 146 кызматкер, 2 ХОВО,  экскаватор, 2 жүктөгүч тазалоо иштерине чыгышты.

Ал эми жарандык коргонуу кызматтарынан 30 кызматкер, “Чайна Роуд ” ишканасынан 39 кызматкер 39 техника жеринде иштеп жатат.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты