Ысык-Көл: “Радуга+” пансионатынын аймагындагы сауналар буздурулду
- 2 года мурун
Ысык-Көлдө жайгашкан “Радуга+” пансионатынын аймагындагы сауналар буздурулду. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө “Радуга+” пансионатынын аймагында сауналардын (ысык кургак абасы бар мончо) мыйзамсыз курулганы аныкталган. Мыйзамдарга ылайык административдик айып салынып, пансионаттын ээсинин эсебинен имаратты демонтаждоо жөнүндө акт түзүлгөн.
Муну бөлүшүү