Ысык-Көл ОИИБ Бостериде каза болгон жигиттин өлүмү боюнча комментарий берди

  • 12 месяцев мурун

Бостериде каза болгон 23 жаштагы жигиттин өлүмү боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билидиришти.

Маалыматка ылайык, 6-августта болжол менен саат 5:10 чамаларында Ысык-Көл РИИБдин нөөмөт кызматына «103» кызматынан билдирүү түшкөн. Анда Бостери айылындагы «Алтын Кум» пансионатынын көл жээгинде Талас облусунун тургуну 23 жаштагы А.Б. каза болгондугу маалымдалат.

«Аталган билдирүү райондук милициянын маалымат электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге Бостери айылдык милиция бөлүмчөсүнүн тергөө-ыкчам тобу жөнөтүлөт. Алгачкы сырткы кароо иштери жүргүзүлгөндө, жигиттин денесинде кандайдыр бир криминалдык тактар байкалган эмес. Күбөлөрдү сурамжылоо учурунда, каза болгон жаран 5-август күнү жубайы жана классташтары менен Ысык-Көл районунун Бостери айылына эс алганы келгени аныкталган. Классташтарынын биринин айтымында, болжол менен саат 23:30да каза болгон жаран жана дагы бир классташы менен көл жээгинде жайгашкан барда эс алып жатышкан. Эс алуу учурунда А.Б. белгисиз жарандар менен менен чатакташа кеткен, кийинчерээк болсо, бардан ылдыйрак жактан аны эс-учун жоготкон абалда таап, жардамга элдерди чакырган. Жардамга келген эс алуучулардын бири өзүн медициналык адис катары тааныштырып, жабырлануучуга жардам көрсөтө баштаган. Милиция кызматкерлери тарабынан аталган жарандын өздүгү аныкталган. Ал Ош облусунун тургуну 23 жаштагы У. К. болуп чыкты. Анын айтымында, бул күнү болжол менен саат 5:00 чамаларында көл жээгинде сейилдеп жүрүп, жардам сураган кыйкырыктарды уккан. Ал жерге чуркап келип, эс-учун жоготкон жигитти көрүп, дароо биринчи жардам көрсөтө баштаган. Жардам берип жатып, ал жабырлануучу тилин жутуп алганын байкаган жана тилин чыгаруу үчүн жабырлануучунун жаагын ача баштаган. Бул учурда тез жардамдын кызматкерлери келип, жардам көрсөтүүнү улантышкан. Бирок жигитти эс учуна алып келүү аракеттеринин баары, натыйжа берген жок», — деп жазылат маалыматта.

Талас облусунун 23 жаштагы тургуну А.Бнын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алынат.

«Мындан тышкары, Талас облусунун тургуну эс алып жаткан 23 жаштагы А.Бнын өлүмүнө байланыштырып массалык мушташ тууралуу видео тараганын маалымдайбыз. Аталган видео 5-августта эртең менен таратыла баштаган, андыктан бул окуяга эч кандай тиешеси жок. Аталган видеодогу окуя, ушул жылдын 3-июль күнү Кара-Ой айылынын пляж аймагында, жергиликтүү тургундар менен «Акун» пансионатынын кызматкерлеринин ортосунда болгонун билдиребиз. Окуянын бардык катышуучулары аныкталган. Алар 15-16 жашка чейинки өспүрүмдөр болгон. Алардын айтымында, 3-июль күнү саат 1:00 чамасында көл жээгинде өспүрүмдөрдүн ортосунда оозеки уруш чыгып, мушташка айланган. Окуяны өз убагында көргөн пансионаттын коопсуздук кызматкерлери өспүрүмдөрдү ажыратып, таратып жиберишкен. Сурамжылоодо эки тарап тең арыз берүүдөн баш тартышкан. Окуянын катышуучулары менен Ысык-Көл РИИБдин БИИнин инспекторлору тарабынан профилактикалык иштер өткөрүлдү», — деп айтылат Ысык-Көл ОИИБинин билдирүүсүндө.

Каза болгон жигиттин достору прокуратура жана башка бийлик жетекчилерине кайрылып, тергөөнү калыс жүргүзүүнү өтүнүштү.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты