Ысык-Көл: «Хизб-ут-Тахрир» экстремисттик уюмунун жактоочулары кармалды

  • 11 месяцев мурун

Ысык-Көл облусунун тургундарынын арасынан тыюу салынган «Хизб-ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун жактоочулары аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК менен Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгы биргеликте жүргүзгөн иш-чаралардын жыйынтыгында, тыюу салынган «Хизб-ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун активдүү жактоочулары Ысык-Көл облусунун тургундары А.Ж.К. жана Б.И.С. аныкталды.

Алардын иши Ысык-Көл облусунун Түп райондук сотунда каралган. Соттун чечимине ылайык, А.Ж.К. жана Б.И.С. Кылмыш-жаза кодексинин «Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратууда» беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча күнөөлүү деп табылды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты