“Ысык-Көл” эл аралык аэропорту каттамдарды жаңы график боюнча жүргүзө баштады
- 2 года мурун
“Ысык-Көл” эл аралык аэропорту күз-кыш графигине өттү. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун басма сөз кызматы билдирди.
Аэропорт 2021-жылдын 31-октябрынан тартып 2022-жылдын 26-мартына чейин каттамдарды жаңы график боюнча жүргүзөт. Ага ылайык:
«Аэрофлот» авиакомпаниясы
Москва-Тамчы-Москва (Шереметьево) маршруту боюнча жумасына 3 жолу (дүйшөмбү, бейшемби жана ишемби);
«Уральские авиалинии» авиакомпаниясы
Москва-Тамчы- Москва (Жуковский) маршруту жумасына бир жолу (шаршемби);
Екатеринбург-Тамчы-Екатеринбург маршруту боюнча жумасына бир жолу (шейшемби);
«Сибирь» авиакомпаниясы
Москва-Тамчы- Москва (Домодедово) каттамы боюнча жумасына бир жолу (жекшемби);
Новосибирск-Тамчы-Новосибирск маршруту боюнча жумасына бир жолу (бейшемби) каттам жүргүзөт.