Ысык-Көл: Булан-Сөгөттү, Корумду, Темир айылдарына куткаруучулар тартылды

  • 1 месяц мурун

Кечээ, 18-августта, түнкү саат 21:30 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү, Корумду Темировка айылдарында жана «Ысык-Көл Аврора» эс алуу жайын сел суулары каптады.   

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Жерине райондук жарандык коргонуу кызматынын күч каражаттары жана ӨКМдин Ысык-Көл району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 10 куткаруучу жана Каракол шаардык N 15 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнөн 5 куткаруучу авариялык куткаруу унаасы мотопомпа менен тартылууда.

Селден улам Жети-Өгүз, Тоң райондорунда өзгөчө кырдаал  жарыяланды.

12-августта селдин кесепеттерин жоюу максатында Чолпон-Ата шаарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Сүрөт: ӨКМ видеосунан алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты