«Ысык-Көл» аэропортунун жабдуулары жана техникасы жаңыланып, жүк ташуу терминалы ачылат

  • 2 года мурун

«Манас» эл аралык аэропорту» ишканасынын башкы директору Манас Самидинов Ысык-Көл облусунда жайгашкан «Ысык-Көл» жана «Каракол» эл аралык аэропортторунун ишмердүүлүгү менен таанышып келди. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Самидинов иш сапарынын жүрүшүндө жакында «Ысык-Көл» аэропортунун жабдуулары жана техникасы жаңыланып, жүк ташуу терминалы ачыларын кабарлаган.

Ошондой эле ал «Каракол» аба майданындагы жаңы салынып жаткан аэробекеттин курулушу менен таанышып чыкканы айтылат.

Расмий маалыматка ылайык, бул аэробекетти 2023-жылдын аягына чейин ишке берүү пландалууда.


Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты