Ысык-Атадагы кафелердин биринде ок аткан жаран кармалды

  • 1 год мурун

Ысык-Ата районунда “Империя Пиццы” кафесинде ок аткан жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

29-январь күнү Ысык-Ата РИИБнө, Кант шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан “Империя Пиццы” кафесинин администратору 1982-жылы туулган Б.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда 29-январь күнү болжол менен саат 05:50 чамасында, белгисиз азиат улутундагы болжол менен 30-40 жаштагы адам, көрсөтүлгөн кафенин 2-кабатында мас абалында болуп, коомдук тартипти бузуп, белгисиз үлгүдөгү травматикалык тапанча менен 1984-жылы туулган Т.С. аттуу кафенин күзөтчүсү тарапка бир жолу ок чыгарган.

Натыйжада Т.С. аттуу күзөтчүнүн сол далысына тийген. Аталган факт Ысык-Ата РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестиринде катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык, соттук-баллистикалык жана соттук-трассологиялык экспертизалар дайындалган. Тергөөнүн жүрүшүнө Т.С. күзөтчү өз ыктыяры менен кийип жүргөн кийимдерин, травматикалык тапанчанын гильзасын, бир даана тоголок-желим (резиновый) ок өткөрүп берген. Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чаралардын негизинде, Ысык-Ата РИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү делип, Бишкек шаарынын тургуну 1986-жылы туулган М.М. аттуу жарандын өздүгү такталып, тергөө бөлүмүнө жеткирилген. Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Азыркы учурда тергөө амалдары улантылууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты