Ысык-Атадагы көлмөгө түшүп кеткен 5 жаштагы баланын жансыз денеси табылды
- 2 года мурун
Ысык-Атадагы көлмөгө түшүп кеткен 5 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Кеңеш айылында балык кармоочу жайында көлмөгө 2017-жылы туулган А.Ы. аттуу жаш бала чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине издөө иштери жүргүзүүгө 8 куткаруучу тартылып, жогору аталган баланын жансыз денесин суудан чыгарып туугандарына өткөрүп беришти.
Муну бөлүшүү