Ысык-Атада изделип жаткан үч жашар баланын сөөгү табылды

  • 3 недели мурун

27-август күнү Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Дружба айылынан Чоң-Чүй каналына түшүп кеткен үч жашар баланын cөөгү табылды.

Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, тиешелүү соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

19-августта саат 18:40 чамасында, Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө Ысык-Ата районунун Дружба айылынан үч жаштагы М.А. аттуу бала суунун жанында ойноп жүрүп дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факты Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүнн электрондук журналына катталып, милиция кызматкерлери издеп жаткан.

Сүрөт: Чүй ОИИИБ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты