Ысык-Атада 25 жаштагы келин баласын 100 миң сомго жана iPhone’го сатууга аракет кылганы аныкталды

  • 11 месяцев мурун

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда 25 жаштагы келин жаңы төрөгөн наристесин сатууга аракет кылганы аныкталды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ысык-Ата райондук милициясына 1998-жылы туулган С.З. аттуу жаран курсактагы баласын сатууга ниеттенип жатканы жөнүндө маалымат түшкөн.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренесинин («Балдарды сатуу») негизинде кылмыш иши козголгон.

Анын алкагында С.З. 8 айлык кош бойлуу кезинде Б.Ф. аттуу жаранга курсагындагы баланы төрөгөндөн кийин берүүнү убадалаганы аныкталган. Баланы асырап алчу жаран келинге 100 миң сом, «iPhone 12 Pro» маркасындагы уюлдук телефон жана Орусияга авиабилет алып бермек. Алар келин төрөгөнгө чейин аны өз камкордугуна алууну макулдашышкан.

Баланы асырап алчу Б.Ф. Ысык-Ата районунун жалпы дарыгердик практика борборунун кызматкери А.М. менен сүйлөшүп, өзүнө кош бойлуу болгондугу тууралуу жалган карта түздүрүп алган.

2023-жылдын 20-майында С.З. жасалма картада көрсөтүлгөн Б.Ф.нын ысымын колдонуу менен Ысык-Ата райондук ооруканасынын төрөт үйүндө кыз төрөгөн.

Милиция кызматкерлери бул ишке бөгөт коюп, келинди, баланы асырап алууну көздөгөн жаранды жана Ысык-Ата райондук ооруканасынын кызматкерин тергөө амалдары үчүн милиция бөлүмүнө жеткиришкен.

Келиндин жанынан “iPhone 12 Pro” маркасындагы уюлдук телефону далил буюм катары алынып, кылмыш ишинин материалдарына тиркелген.

Учурда тергөө иштери жүрүп, кылмыш ишин кароо үчүн сотко жөнөтүү маселеси чечилүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты