Ысык-Атада өспүрүм кыз поезд коюп кетип каза тапты
- 2 года мурун
Чүй облусунун Ысык-Ата районунда 13 жаштагы кыз поезд коюп кетип каза тапты. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 27-июнда темир жолдогу жөө өтмөктөн поезд кызды сүзүп алганы тууралуу милицияга билдирүү түшкөн.
Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барып, 2009-жылы туулган кыздын сөөгүн табышкан.
Аталган факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.
Муну бөлүшүү