Ысык-Ата районунун «Кадастр» мекемесинин директору кармалды

  • 2 месяца мурун

Ысык-Ата районунун «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин директору М. М. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2001-2022-жылдар аралыгында Чүй токой чарбасы жана Чүй-Токмок «Кадастры» тарабынан 150 гектардан 4 сотука чейин аянттан 226 бирдик жер тилкелерине мамлекеттик актылар мыйзамсыз берилген.

«Аталган фактыларды текшерүүнүн жүрүшүндө, УКМК тарабынан «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жана Чүй токой чарбасынын кызматкерлерине, 1992, 1996, 1999, 2006-жылдарында «Көл-Төр» багбанчылык шериктештигинин жана Чүй токой чарбасынын эмгек жамаатынын кеңешинин жасалма протоколдорун пайдалануу менен Кегети «Көл-Төр-1» токойчулугунун жана Токмок «Көл-Төр-2» токойчулугунун аймагында жайгашкан дача тилкелерин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Жыйынтыгында жалпы баасы 115 млн 632 миң сомду түзгөн, 33,8 гектар жерге жеке менчик укугу боюнча 39 мамлекеттик акт мыйзамсыз берилгендиги аныкталды. 2024-жылдын 15-февралында бул факты боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп, Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, Ысык-Ата районунун «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин директору М.М. кармалып (мурда Чүй-Токмок «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин директору болгон), УКМКнын тергөө абагына киргизилди» — деп жазылат маалыматта.

Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты