Ысык-Ата ИИБ экс-башчысы жана Жээк айыл аймагынын жайыт комитетинин экс-төрагасы кармалды
- 2 недели мурун
- Видео
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан документтерди жасалмалоо, объекттерди мыйзамсыз басып алуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Ысык-Ата райондук ИИБдин мурдагы башчысы А.А.К. жана Ысык-Ата районунун Жээк айыл аймагынын жайыт комитетинин мурдагы төрагасы Р.Т.Р. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 2023-жылы Р.Т.Р. жайыт комитетинин отурумунун протоколун жасалмалап, А.А.К.га Жээк айыл өкмөтүндөгү эс алуу аймагы үчүн 2 га айыл чарба багытындагы жер участогун мыйзамсыз бергени аныкталган. Көрсөтүлгөн жерге туруктуу имараттар курулуп, “A.R.Z.” эс алуу борбору уюштурулган.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы