Ырчы Нурчолпонго ыдык көрсөткөн окуя боюнча үч аскер кызматери дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды

  • 1 год мурун

Аскер прокуратурасы ырчы Нурчолпондун аскер кызматкери тарабынан ыдыкка кабылганы тууралуу билдирүүсү боюнча текшерүү жүргүздү. Текшерүүнүн жыйынтыгы тууралуу 24.kg басылмасы Башкы прокуратурага шилтеме берип жазды.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Коргоо министрлигине сунуш берилип, анын негизинде үч адам дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды. Алар аскер бөлүгүнүн командиринин орун басары А.Ж., Армиянын борбордук үйүнүн жетекчисинин милдетин аткаруучу Э.Б. жана башкы курал-жарак башкармалыгынын жетекчиси Л.А..

Белгилей кетсек, буга чейин ырчы Нурчолпон социалдык тармакта Коргоо министрлигинин полковниги тарабынан ыдыкка кабылганы тууралуу билдирген. Ырчы Армиянын борбордук үйүндө иштеп жүргөн кезинде иш-чаралардын биринде аскер кызматкери аны кармоого аракет кылганын, жанындагы аскерлердин бири дагы аны коргобогонун айткан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты