Ырчы Анжелика: «Атамбаевдин үйүнүн мага кереги жок»

  • 2 года мурун

Ырчы Анжелика президент Садыр Жапаровдон Алмазбек Атамбаевдин үйүн шал менен жабыркаган балдарга өткөрүп берүүнү суранды. Бул тууралуу ал Instagram баракчасына жазды.

Буга Атамбаевдин баласы Сеид Атамбаев төмөндөгүдөй жооп берди. «Албетте, урматтуу «анжелика» же эмнеси болсо да, бийлик бул суранычтан баш тартпайт. Анткени бул жакшы сценарий. Кеп биздин үйдө эмес, Сооронбай Жээнбеков жана анын бандасынын мыйзамсыз аракеттери жөнүндө. Алгач үйдүн ээлеринен бир сурап койсоңүз болмок экен. Анткени Алмазбек Шаршеновичтин балдары, неберелери бар«, — деп Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Мындан улам ырчы Анжелика Сеид Атамбаевге жооп кайтарды. «Атамбаевдин үйү мага кереги жок. Мыйзамсыз курулган ал имараттын азыр ээси жок. Себеби соттун чечими менен ал мамлекетке өткөн», — деп жазды Анжелика.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты