Ырайым кылуу боюнча комиссиянын жооптуу катчысы кызматтан алынды

  • 2 года мурун

Президенттик администрациянын Ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы Таалайбек Апенов ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка, бүгүн, 26-октябрда президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Эске сала кетсек, Таалайбек Апенов ушул жылдын 18-октябрында пара талап кылуу фактысы боюнча УКМК кызматкерлери тарабынан кармалып, тергөө абагына киргизилген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты