«Ынтымак” сейил багында “Сөз эркиндиги” аллеясына көчөттөр отургузулат

  • 1 год мурун

1-апрельде Бишкек шаарындагы “Ынтымак” сейил багында “Сөз эркиндиги” аллеясына көчөттөр отургузулат. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, экологиялык акцияга мамлекеттик жана көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык донор уюмдардын коммуникаторлору,  Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын басма сөз  кызматкерлери катышат.

Иш-чара журналисттер менен коммуникаторлордун башын бириктирүү, медиа чөйрөсүндөгү жаңы чакырыктарды жана идеяларды бейформал шартта талкуулоо максатында президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы тарабынан уюштурулат.  

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты