«Ыйман Нуру» фракциясынын лидери Динара Ашимова болду

  • 2 недели мурун

Жогорку Кеңештин «Ыйман Нуру» парламенттик фракциясынын лидери болуп депутат Динара Ашимова шайланды.

Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов билдирди.

Буга чейин «Ыйман Нуру» парламенттик фракциясын депутат Нуржигит Кадырбеков жетектеп келген. 

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин экс-депутаты, «Ыйман нуру» фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбековду өзү жазган арыздын негизинде депутаттык мандатынан ажыратты. Депутаттык мандат «Ыйман нуру» партиясынын мүчөсү Эрнис Айдаралиевге берилди. Бул чечим 30-августта БШКнын отурумунда кабыл алынды.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты