Япониянын мурдагы премьер-министри каза болду

  • 2 года мурун

Япониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэ каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ал кол салуудан улам каза болду. Ал Нара шаарында 10-июлда боло турган Жогорку палатага шайлоонун алдында сөз сүйлөп жаткан маалда ага кол салган. 41 жаштагы япониялык жаран аны колго жасалган ок атуучу курал менен эки жолу аткан. Абэ куткаруучу тик учак менен ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер ага кан куюп, бир нече саат бою анын өмүрү үчүн күрөшкөн. Реанимация бөлүмүнүн башчысы Синдзо Абэ аларга жүрөгү токтоп калган абалда келгенин, дарыгерлердин бардык аракеттерине карабай анын өмүрүн сактап калуу мүмкүн болбогонун билдирди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты