Япониядагы жер титирөө: 250гө жакын адам дайынсыз болууда

  • 7 месяцев мурун

Японияда куткаруучулар жаңы жылдык катуу жер титирөөдөн кийин дайынсыз жоголгон 242 жергиликтүү тургунду издөөгө аракет кылып жатышат. Бирок, куткаруучулар жоголгон тургундарды тирүү табуу үмүтү дээрлик жок экендигин билдиришкен.

Белгилей кетсек, 1-январда Япониянын батышындагы алыскы Ното жарым аралында күчү 7,6 баллга жеткен жер титирөө болду. 5-январда кырсыктан каза болгондордун саны 100гө жетти.

Япониянын өзүн-өзү коргоо күчтөрү куткаруу иштерине катышкан аскерлеринин санын эки эсеге көбөйттү. Азыр бул болжол менен 4600 киши, деп билдирет Киодо агенттиги.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты