Японияда күчтүү жер титирөө болуп, 150 миңден ашуун адам эвакуацияланды
- 3 месяца мурун
- Жаңылыктар
Япониянын Кумамото аймагында күчү 6,8 баллга жеткен жер титирөө болуп, 150 миңден ашуун адам эвакуацияланды. Бул тууралуу ББСнин орус кызматы маалымдады.
Жер титирөөнүн кесепетинен электр энергиясы өчүп, жолдор, көпүрөлөр жана имараттар жабыркады. Алдын ала маалымат боюнча кеминде 50 адам жаракат алды.
Кюсю аралында темир жол каттамдары убактылуу токтотулуп, айрым авиарейстер жокко чыгарылды. Ошондой эле жүк ташыган поезд темир сызыгынан чыгып кеткени кабарланды.
Кырсык болгон аймактарда куткаруу иштерине миңдеген аскер кызматкерлери тартылып, бийлик зыяндын көлөмүн тактоону улантууда.
Сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




